Согуш мыйзамдары жана салттары
Согуш мыйзамдары жана салттары – согуш жүргүзүүгө байланыштуу мамлекеттер аралык мамилелерди теске салуучу эларалык укук принциптери менен ченемдеринин жыйындысы. Куралдуу күрөштүн каражаттарын жана усулдарын чектөө, алардын өзгөчө ырайымсыздарына тыюу салуу, согуш кылмыштары үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин белгилөө менен С. м. ж. с. согушту гумандаштырууга, куралдуу каршылыктардын чектерин азайтууга объективдүү таасир этет.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|