Согуш укугу
Согуш укугу - Эл аралык укук системасы тынчтык мезгилинде, мындан тышкары согуш мезгилдеринде да эл аралык байланыштарды тартипке салат.
Эл аралык укук системасында бул эрежелердин жыйындысын камтыган бөлүм «согуш укугу» деп аталат. Жогоруда айтылган бөлүм негизинен, иш жүзүндө колдонулган бир топ принциптерден жана мамлекеттер аралык түзүлгөн келишимдерден турат. Мисалы, согуш маалында туткундарга жана жарадарларга кандай мамиле жасалыш керек, ооруканаларга жана бейтарап мекемелерге чабуул коюлбоосу, согушка катышпаган мамлекеттердин согушкан мамлекеттерге каршы мамилеси, алардын мекендештеринин өлкөлөрү тарабынан согушка катышкан өлкөлөргө берилген согуштук каражаттарга карата мамилеси, эмбарго колдонуу, тыюу салынган кээ бир курал-жарактардын (уулуу газдарды чачуу ж.б.) колдонулбоосу, деңиз согуштарында пайда болгон түрдүү маселелерге карата тараптарлардын мамилеси жана ушуга окшогон маселелер согуш укугунда карала турган темалар болуп эсептелет.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүЭл аралык мамилелер сөздүгү/ Түз. Аббас Караагачлы; котор. Топчугүл Нармаматова, -Б.:КТМУ, 2008.- б. ISBN 978-9967-24-921-9