Соломон аралдарынын доллары

Соломон аралдарынын доллары (белгиси: SBD; коду: 090) — Соломон аралдарынын улуттук валютасы[1]. 1 соломон аралдарынын доллары 100 центтен турат.

Соломон аралдарынын доллары  (кырг.)

Solomon Islands Dollar  (аңгл.)
Dollar de Salomon  (фр.)

2 доллар 5 доллар
2 доллар 5 доллар
Коддор жана белгилер
ISO 4217 коддору SBD (090)
Символдор SBD
Жүгүртүү чегарасы
Эмитент  Соломон аралдары
Туунду жана параллелдүү бирдиктер
Бөлчөктүү Цент (1100)
Жүгүртүүдөгү банкноттор жана монеталар
Монеталар 10, 20, 50 цент жана 1, 2 доллар
Банкноттор 5, 10, 20, 50, 100 доллар
Тарыхы
Киргизүү этабы 24.10.1975—01.10.1976
Мурда колдонулган валюта Австралия доллары
Банкноттор жана монеталар өңдүрүшү
Эмиссиялык борбор Соломон аралдарынын улуттук банкы
www.cbsi.com.sb
Банкнота өңдүрүүчү De La Rue
www.delarue.com
Курстар ЭВФ, ЕББ жана КРУБ маалыматтары боюнча автоматтык түрдө жаңыртылып турат.
Соломон аралдарынын доллары Уикиказынада

Тарыхы

түзөтүү

Британ бийлигинин астындагы жылдарда Соломон аралдарынын расмий акча бирдиги болуп соломон аралдарынын фунту, андан кийин австралия фунту жана австралия доллары болгон.

Соломон аралдары доллары 1977-жылдын 24-октябрынан баштап австралия долларынын ордуна жүгүртүлө баштаган[2]. Валютанын аталышы Австралия валютасынын урматынан коюлган[3].

1978-жылы эгемендүүлүк алгандан тартып жаңы валюта жаш мамлекеттин расмий акча бирдиги болуп калган. Эки жыл боюу соломон аралдарынын доллары австралия долларына байланган.

1983-жылы Соломон аралдарынын Өкмөтү жергиликтүү валютанын курсун австралия долларына барабар деп бекитип, валютанын кунун бекемдөөгө жетишкен. 1997-жылы декабрда Өкмөт АКШ долларына карата 20% девальвация жүргүзгөн[4].

Монеталар

түзөтүү

2006-жылы Соломон аралдарынын Борбордук банкы 1 жана 2 центтик монеталарды чыгарууну токтоткон, анткени металлдын баасы кыйла жогорулап кеткен. 2012-жылы чыкан монеталардын акыркы сериясы 10, 20, 50 цент, ошондой эле 1 жана 2 доллар номиналдарынан турат.

Банкноттор

түзөтүү

1977-жылы 2, 5 жана 10 доллар номиналындагы, 1981-жылы 20 доллар номиналындагы, 1986-жылы 50 доллар номиналындагы банкноттор жүгүртүүгө чыккан. Купюралардын бир бөлүгү полимердин негизиндеги материалдарга басылган. 1986-жылга чейин чыгарылган банкноттордо англиянын ханышасы Елизавета II портрети чагылдырылган. 1986-жылдан кийин Соломон аралдарынын мамлекеттик герби түшүрүлгөн купюралар жүгүртүүгө чыгарылган[5].

2006-жылы Соломон аралдарынын Борбордук банкы 100 долларлык купюраны чыгарган. Жаңы купюраны жүгүртүүгө киргизүү жөнүндө чечим Борбордук банктын сактоочу жайында накталай купюралардын азайышына байланыштуу кабыл алынган[5].

Сүрөт Номинал
(кин)
Өлчөмү

(мм)

Түсү Сүрөттөөмөсү Чыгарылган күнү
Алдыңкы бети

(аверс)

Арткы бети

(реверс)

Алдыңкы бети [1] Арткы бети [2]
2 Жашыл Соломон аралдарынын герби Балыкчылар 2006
5 Көк Соломон аралдарынын герби Кайык 2004
10 Кызгылт Соломон аралдарынын герби Токуучу 2005
20 Күрөң Соломон аралдарынын герби Жоокерлер 2004
50 Жашыл Соломон аралдарынын герби Геккондор 2005
100 Ачык күрөң Соломон аралдарынын герби Кокос жыйноо 2006

Алмаштыруу курсунун режими

түзөтүү
Базардагы курсу
Google Finance (.../SBD): KGS USD EUR GBP JPY CHF
Yahoo! Finance (.../SBD): KGS USD EUR GBP JPY CHF
XE.com (.../SBD): KGS USD EUR GBP JPY CHF
OANDA.com (.../SBD): KGS USD EUR GBP JPY CHF


Булактар

түзөтүү

Тышкы шилтемелер

түзөтүү