Австралия доллары (белгиси: $; коду: AUD) — Австралия Бирлигинин акча бирдиги, Рождество аралы, Кокос аралдары жана Норфолк аралы, ошондой эле Тынч океанында жайгашкан, көзкарандысыз Кирибати, Науру жана Тувалу мамлекеттеринин да расмий акча бирдиги болуп саналат[1][2][3]. 100 центке бөлүнөт.

Австралия доллары  (кырг.)

Australian Dollar  (аңгл.)
Dollar australien  (фр.)

1 доллар. 1988-жыл 50 цент 1966-жыл
1 доллар. 1988-жыл 50 цент 1966-жыл
Коддор жана белгилер
ISO 4217 коддору AUD (036)
Символдор A$
Жүгүртүү чегарасы
Эмитент  Австралия
Расмий түрдө  Кирибати
 Науру
 Тувалу
Туунду жана параллелдүү бирдиктер
Бөлчөктүү Цент (1100)
Жүгүртүүдөгү банкноттор жана монеталар
Монеталар 5, 10, 20, 50 цент, 1, 2 доллар
Банкноттор 5, 10, 20, 50, 100 доллар
Тарыхы
Киргизилди 14.02.1966
Мурда колдонулган валюта Австралия фунту
Банкноттор жана монеталар өңдүрүшү
Эмиссиялык борбор Австралиянын резервдик банкы
www.rba.gov.au
Акча сарайы Австралиянын падышалык зээрканасы
www.ramint.gov.au
Перт зээрканасы
www.perthmint.com.au
Курстар 10 Апрель 2015-жылга көрсөтүлгөн
1 KGS = 0,02029 AUD
1 USD = 1,301 AUD
1 EUR = 1,375 AUD
1 GBP = 1,902 AUD
1 JPY = 0,01079 AUD
Курстар ЭВФ, ЕББ жана КРУБ маалыматтары боюнча автоматтык түрдө жаңыртылып турат.
2023-жылдык инфляция
Инфляция 6%

Адатта доллар ($) белгиси менен кыскартылып белгиленет, бирок A$, $A, AU$ жана $AU сыяктуу белгилөөнүн башка варианттары бар.

Австралия доллары — дүйнөлүк соода-сатык операцияларында эң көп колдонулган валюталардын арасында алтынчы орунда турат.

1988-жылдан бери банкнотторду жасоо үчүн кагаздын ордуна, атайын жука пластик колдонулат.

Тарыхы

түзөтүү

Австралиянын доллары 1966-жылдын 14-февралында жүгүртүүгө киргизилген жана ушул убакытка чейин колдонулуп келген австралиялык фунттун алмаштырган[4].

Башында алмаштыруу курсу 1 австралия фунту 2 австралия доллларына барабар болгон[4].

Жаңы улуттук валютаны киргизүү иш-чаралары 1960-жылы Австралиянын резервдик банкы тарабынан башталган. Көп убакыт аралыгында өлкөдө жаңы акча бирдигин даярдоо жана дизайнын иштеп чыгуу аракеттери жүргүзүлгөн. Бул убакыттын ичинде валютанын аталышы боюнча миңдеген сунуштар айтылган. 1965-жылы Австралиянын премьер-министри Роберт Мензис «the royal» деген аталышты сунуш кылган. Бирок, ал калктын колдоосуна ээ болгон эмес, ошондуктан валюта доллар деп аталып калган[4]. Трейдерлердин арасында австралиялык долларды «оззи» (aussie) деген каймана ат менен атоо кеңири таралган[5].

1988-жылы биринчи полимерден жасалган банкнот жүгүртүүгө чыгарылган[6].

Монеталар

түзөтүү

1966-жылы 1, 2, 5, 10, 20 жана 50 центтик монеталар жүгүртүүгө киргизилген. Бир долларлык монета 1984-жылы, ал эми эки долларлык монета 1988-жылы жүгүртүүгө чыгарылган[7].

1 жана 2 центтик монеталар 1991-жылы, 1 долларлык купюра 1984-жылы жана 2 долларык купюра 1988-жылы жүгүртүүдөн чыгарылган. Накталай эсептешүүлөр сумманы тегеректөөнүн стандарттык эрежелери боюнча жүргүзүлөт, 5 центке чейин тегеректелет.

Бардык австралия долларынын монеталарынын алдыңкы бетинде (аверс) Елизавета II сүрөтү түшүрүлгөн жана Австралиянын Королдук Зээрканасы тарабынан чыгарылат (англ. Royal Australian Mint). Елизавета II каза болгондон кийин чыгарылган монеталарга Чарльз III сүрөтү түшүрүлө баштады[8][9].

Австралиянын монеталары[10]
Сүрөт Номинал

(вату)

Техникалык параметрлери Сүрөттөөмөсү Чыгарылган жылы
Диаметр

(мм)

Калыңдыгы

(мм)

Салмагы

(г)

Материал Кыры

(гурт)

Алдыңкы бети

(аверс)

Арткы бети

(реверс)

   1 цент 17,65 мм >1,4 мм 2,60 г 97% жез, 2,5% цинк, 0,5% калай жылмакай Елизавета II Acrobates pygmaeus 1966-1991 жж.
[1] 2 цент 21,59 мм <1,9 мм 5,20 г 97% жез, 2,5% цинк, 0,5% калай жылмакай Елизавета II Chlamydosaurus kingii 1966-1991 жж.
  5 цент 19,41 мм 1,3 мм 2,83 г Жез-никель эритмелери:

75% жез, 25% никель

жол-жол болгон кырлуу Елизавета II, 2024-жылдан тартып Чарльз III Эхидна 1966
[2] 10 цент 23,60 мм 1,5 мм 5,65 г Жез-никель эритмелери:

75% жез, 25% никель

жол-жол болгон кырлуу Елизавета II, 2024-жылдан тартып Чарльз III Menura novaehollandiae 1966
[3] 20 цент 28,65 мм 2,0 мм 11,3 г Жез-никель эритмелери:

75% жез, 25% никель

жол-жол болгон кырлуу Елизавета II, 2024-жылдан тартып Чарльз III Ornithorhynchus anatinus 1966
   50 цент 31,65 мм 2,0 мм 15,55 г Жез-никель эритмелери:

75% жез, 25% никель

жылмакай Елизавета II, 2024-жылдан тартып Чарльз III Австралиянын герби 1969
[4]] 1 доллар 25,00 мм 2,8 мм 9,00 г 92% жез, 6% алюминий, 2% никель жол-жол болгон кырлуу Елизавета II, 2024-жылдан тартып Чарльз III Кенгуру 1984
[5] 2 доллар 20,50 мм 3,0 мм 6,60 г 92% жез, 6% алюминий, 2% никель жол-жол болгон кырлуу Елизавета II, 2024-жылдан тартып Чарльз III Австралиялык абориген 1988


Банкноттор

түзөтүү

2016-жылы чыгарылган үлгүдөгү банкноталар

түзөтүү
Сүрөт Номинал Өлчөмү

(мм)

Салмагы Түсү Сүрөттөөмөсү Чыгарылган күнү
Алдыңкы бети

(аверс)

Арткы бети

(реверс)

Алдыңкы бети

(аверс)

Арткы бети (реверс)
[6] [7] 5 доллар 130 × 65 Фиолет Елизавета II Парлменттин имараты 1-сентябрь 2016-жыл
[8] [9] 10 доллар 137 × 65 Көк Эндрю Бартон «Банджо» Патерсон Дама Мэри Джин Гилмор 20-сентябрь 2017-жыл
[10] [11] 20 доллар 144 × 65 0,82 г Кызыл Мэри Рейби Жон Флинн 9-октябрь 2019-жыл
[12] [13] 50 доллар 151 × 65 Сары Дэвид Юнайпон Эдит Коуэн 18-октябрь 2018-жыл
[14] [15] 100 доллар 158 × 65 Жашыл Дама Нелли Мелба Жон Монаш 29-октябрь 2020-жыл

Учурдагы абалы

түзөтүү

Курсту аныктоодо ага ылайык рыноктогу суроо-талап жана сунуштун негизинде жүргөн өзгөрүлмө валюта курсу колдонулат. Акча саясатынын натыйжалуулугун критерийи болуп инфляцияны көрсөткүчтөрү саналат.

Базардагы курсу
Google Finance (.../{{{1}}}): KGS USD EUR GBP JPY CHF
Yahoo! Finance (.../{{{1}}}): KGS USD EUR GBP JPY CHF
XE.com (.../{{{1}}}): KGS USD EUR GBP JPY CHF
OANDA.com (.../{{{1}}}): KGS USD EUR GBP JPY CHF


Булактар

түзөтүү
  1. Federal Register of Legislation (англ.)
  2. Tuvalu country brief (англ.)
  3. Kiribati country brief (англ.)
  4. 4.0 4.1 4.2 Australian Currency: History and impact in the forex market
  5. Корнелиус Лука. Trading in the Global Currency Markets
  6. Australian Government. Department of Foreign Affairs and Trade. About Australia
  7. Royal Australian Mint. Circulating Coins Designs.
  8. Австралия вводит в обращение монеты с портретом Карла
  9. King Charles III to soon appear on Australian Coins
  10. Royal Australian Mint. Coin Types

Тышкы шилтемелер

түзөтүү