Солтон-Сары өрөөнү

Солтон-Сары‎»‎ барагынан багытталды)

Солтон-Сары өрөөнүИчки Теңир-Тоодо. Кара-Жорго жана Байдулу тоолорунун аралыгында кеңдик багытта созулуп жатат. Нарын р-нун аймагында. Уз. 24 км, орто жазылыгы 6 км. Таманы деңиз деңгели 2800–3000 м бийиктикте жатат. Курчаган тоолордун кыры өрөөндүн таманынан 500–800 м бийик жатат. Таманы тегиз жана саздуу, булактар көп; түн. бети тик, түштүгү жантайыңкы. Батышы (Терсуунун алабы) куушураак, чыгышы (Солтонсарынын алабы) кенен тартып, жапыз. Белтепши ашуусу (бийиктиги 3271 м) аркылуу Карасуу өрөөнү менен байланышат. Терсуунун чатынан Солтонсарынын Онарчага кошулганга чейинки бөлүгү 2400 м бийиктикте жатып, кууш жана тик. Таманы неоген менен антропоген мезгилдеринин конгломерат, кумдук, алевролит, мергель, кум-шагылчополоруна толгон. Тоо капталдары девон менен ордовиктин сланец, гравелит, кумдук, мергель тектеринен туруп, айрым жерлерин гранит, диорит интрузияларыжирепчыккан. Климаты континенттик, январдынортотемпературасы —18°С, июлдуку 10,2°С. Жылдыкжаан-чачыны 400 мм. Аязсыз мезгилдин узактыгы 100 күнгө жетет. Өрөөн аркылуу Солтонсары жана анын куймалары (Терсуу, Карабулуң, Сокуташ, Белтепши) агат. Таманына доңуз сырттуу шалбаа, тоо капталдарына альп талаасы (күнгөй беттерге), шалбаалуу талаа жана шалбаа (тескей беттерге), андан жогору нивалдык-гляциалдык ландшафттары мүнөздүү. Жайкы жайыт.

Колдонгон адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, ISBN 9967-14-006-2