Сонет (итал.– үн чыгаруу) – он төрт саптан турган, көбүнчө а-б-б-а – а-б-б-а – в-в-г – д-г-д формасында уйкашкан, эки жолу төрт саптан (катрен) жана эки жолу үч саптан (терцет) түзүлгөн куплеттерден туруучу ыр формасы. Сонет формасынын өнүгүшүнө А. Данте, Ф. Петрарка (Италия), У. Шекспир (Англия), В. Жуковский, А. С. Пушкин, А. Блок (Россия) зор салымдарын кошкон. Кыргыз поэзиясында сонет С. Шимеев, С. Жусуев, Э. Турсунов, Т. Байзаков, Ж. Мамытов ж. б. акындардын чыгармачылыгында учурайт.
Мисалы, Сооронбай Жусуевдин:

  Эр милдети – элге кызмат өтөмөк, 
  Эмгек менен, ышкы менен, сөз менен. 
  Адам чөкчү, адам уччу көкөлөп, 
  Кереметтин керемети сөз деген. 
     Айтып турат бар экенин бактыңын,
     Көп иш кылып, аз сүйлөшүң мактанбай. 
     Көп билгенден бир белгиси жакшынын 
     Сөз сүйлөшүү башкаларга жаккандай.
  Сөз тоңдурат, сөздөн жалын – от чыгат, 
  Жаман сөзүң жакшы ишиңди жок кылат 
  Жаман сүйлөп маанайыңды бастатпа.
     Ишке, сөзгө ыкласыңды тең бөлүп, 
     Ак иш кылып, ак сүйлөөгө сен көнүп,
     Ашыгып жет адам деген жакшы атка! 

Колдонулган адабияттар

түзөтүү

"Кыргыз адабияты энциклопедиялык окуу куралы". Башкы редактор: Ү. Асанов, жооптуу редактор: А. Акматалиев. Бишкек - 2004