Сооронбай Жусуев
Сооронбай Жусуевич Жусуев — кыргыз элинин чыгаан акыны[1][2], Кыргыз Республикасынын Баатыры (2007), Кыргыз эл акыны (1981), Кыргызстандын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын ээси (1998).
Сооронбай Жусуев | |
Туулган жери: | |
---|---|
Жарандыгы: | |
Ишмердүүлүгү: | |
Чыгармачылык жылдары: |
Өмүр жолу
түзөтүүАкын Сооронбай Жусуев 1925-жылы 15-майда Кара-Кулжа районундагы Алай-Куу өрөөнүндө жайгашкан Кызыл-Жар кыштагында туулган[3].
Акындын атасы Жусу Алай-Куу өрөөнүндөгү белгилүү казылардын бири болгон. 1929-жылы "кулакка тартылып" жазыксыз камалган.
Сооронбай эскерүүсүндө: "(Атамды) Ош шаарындагы түрмөгө которуп, 1932-1933-жылдарга чейин камайт. Түрмөдөн бошотоору менен жөө-жалаңдап туулуп өскөн жери Алай-Кууну көздөй бет алат. Бирок, тилекке каршы, Алай-Кууга жете албай, Кара-Кулжадагы Түшүнүк деген айылда Таши деген таанышынын үйүндө убактылуу туруп калат дагы, көп өтпөй эле ошол жерде каза болот. Ошондо мен сегиз жашаар бала элем. Ошол күндөр али күнчө эсимден кетпейт”, - деп жазган. [4]
Экинчи дүйнөлүк согуштун катышуучусу. Сооронбай айыл мектебин бүтөрү менен 18 жашында армияга алынып, 1943–1945-жж. Панфилов атындагы 8-гвардиялык дивизияда байланышчы болуп кызмат өтөп, майданда эки жолу жарадар болгон[5].
Согуштан кайтып келип, 1946–1947-жж. Совет райондук «Коммунизм үчүн» гезитинде жооптуу катчы болуп иштейт.
1947–1949-жж. Ош Мамлекеттик мугалимдер институтунда окуп, анын кыргыз тил жана адабият факультетин артыкчылык диплому менен бүтүргөн.
1951-жж. Ош облустук «Ленин жолу» гезитинин редакциясында бөлүм башчы болуп иштеген.
1951–1956-жж. Москвадагы М.Горький атындагы Адабият институтунда окуган.
С.Жусуев 1957–1959-жж. «Ала-Тоо» адабий көркөм журналынын башкы редактору, «Чалкан» журналында жооптуу катчы, 1960–1986-жж. Кыргызстан Жазуучулар союзунун аппаратында адабий кеңешчи болуп иштеген.
С.Жусуев 2016-жылы 4-февралда каза болуп, маркумга арналып мамлекеттик ырасымдар өткөрүлүп, сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган.
Чыгармачылыгы
түзөтүүС.Жусуевдин алгачкы «Алдыга жүргүн, кыргыздар!» деген ыры 1943-жылы «Советтик Кыргызстан» журналына жарыяланган.
Алгачкы «Эмгек күүсү» аттуу ыр жыйнагы 1950-жылы басмадан чыккан[6]. Андан бери акындын 30дан ашык китеби жарык көргөн. Анын 70тен ашык ырларына музыка жазылган.
С.Жусуев Шекспирдин, Александр Пушкиндин, Михаил Лермонтовдун, Тарас Шевченконун, Абайдын, Мактумгулунун, Аветик Исаакяндын, Омар Хайямдын, Владимир Маяковскийдин, Сергей Есениндин, Павло Тычинанын, Расул Гамзатовдун, Кулиевдин, Магжандын ж.б. акындардын ырларын чебер которгон.
1949-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.
Сыйлыктары
түзөтүүКыргыз адабиятын өнүктүрүүдө сиңирген зор эмгеги үчүн 1981-жылы С.Жусуевге «Кыргызстандын Эл акыны» деген ардактуу наам берилип, 1986-жылы персоналдык пенсия дайындалган. 1990-жылы Москвадагы Воениздаттан чыккан «Моя жизнь» деген ыр китеби үчүн Бүткүл союздук А.Фадеев атындагы сыйлыктын лауреаты болуп, алтын медаль алган. 1998-жылы «Кыргызстандын Эл агартуусунун отличниги», ошол эле жылы «Казакстандын эмгек сиңирген кайраткери» деген наамга татыктуу болгон.
Сооронбайдын 1994-жылы басмадан чыккан «Курманжан датка» аттуу ыр менен жазылган романы үчүн 1998-жылы Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлык ыйгарылган.
Кан майдандагы жана көп жылдык чыгармачылык жемиштүү эмгектери үчүн С.Жусуев биринчи даражадагы Ата–Мекендик согуш ордени, үчүнчү даражадагы «Манас» ордени, «Каармандыгы үчүн», «Даңк» медалдары, Кыргыз, Украина, Саха-Якут Республикаларынын Жогорку Кеңештеринин Ардак грамоталары менен сыйланган.
Бишкек жана Ош шаарларынын ардактуу жараны, Ош мамлекеттик жана кыргыз-өзбек университеттеринин ардактуу профессору.
Кара-Кулжа районундагы Сай-Талаа кыштагындагы орто мектепке, Кара-Суу районундагы Жар-Ооз кыштагындагы орто мектепке Сооронбай Жусуевдин аты коюлган.
2005-жылы интеллектуалдык менчиктин Бүткүл дүйнөлүк уюму (ВОИС) чыгармачылык ийгиликтери үчүн Сооронбайды Алтын медаль менен сыйлаган.
Президенттин 2007-жылдын 13-февралындагы Жарлыгы менен улуттук маданият казынасына, кыргыз элинин руханий байлыктарын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн акын Сооронбайга «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы «Ак шум-кар» өзгөчө белгисин тапшыруу менен берилген.
Жарык көргөн китептери
түзөтүү- Эмгек күүсү: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1950. – 103 б.
- Чындык менен ыр: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1952. – 131 б.
- Өмүр жазы: Поэмалар, ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1955. – 168 б.
- Асан менен достошкондо: Аңгемелер. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1956. – 33 б.
- Сүйүү менен ишенич: Ырлар, поэма жана котормолор. – Ф.: Кыргызмамбас, 1956. – 177 б.
- Үмүт: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1960 – 130 б.
- Чоң атам жана мен: Поэма жана ырлар. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1966. – 55 б.
- Жылдыздуу тоолор: Ыр менен жазылган повесть. – Ф.: Кыргызмамбас, 1963. – 149 б.
- Акын жүрөгү: Ырлар жана поэма. – Ф.: Мектеп, 1965. – 131 б.
- Көңүл күүлөрү: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1966. – 195 б.
- Кызыл күн: Повесстер. – Ф.: Кыргызстан, 1969. – 236 б.
- Түрмөк булуттар: Ырлар жана поэма. – Ф.: Кыргызстан, 1969. – 236 б.
- Дабан: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1971. – 114 б.
- Алтын чынар: Ырлар жана поэма. – Ф.: Кыргызстан, 1973. – 142 б.
- Тандалмалар: Тандалган ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1975. – 491 б.
- Суктануу: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Мектеп, 1977. – 215 б.
- Бийик асман: Сонеттер, ырлар, поэмалар. – Ф.: Мектеп, 1979. – 212 б.
- Тандалмалар: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1984. – 257 б.
- Тоо жаңырткан чагылган: Ырлар, жомоктор. – Ф.: Мектеп, 1985. – 64 б.
- Керемет: Ырлар, дастандар. – Ф.: Кыргызстан, 1988. – 320 б.
- Күмүш жылдыз: Ырлар, сонеттер, дастандар. – Б.: Адабият, 1991. – 144 б.
- Курманжан датка: Ыр менен жазылган роман. – Б.: Руханият, 1994. – 304 б.
- Адамдар: Ырлар, дастандар. – Б.: Кыргызстан, 1997. – 240 б.
- Миң кайрык: Ырлар, котормолор. – Б.: Шам, 2000. – 424 б.
- Канат менен Зарина: Дастан. – Б.: Бийиктик, 2003. – 96 б.
- Курманжан датка: Ыр менен жазылган роман. – Б.: Бийиктик, 2004. – 324 б.
- О, анда көктөм эле: Ырлар, обондуу ырлар. – Б.: Бийиктик, 2004. – 168 б.
- Ала-Тоо барда мен бармын: Ырлар, дастандар. – Б.: Бийиктик, 2005. – 328 б.
- Сөз кудурети: Макалалар, эскерүүлөр. – Б.: Бийиктик, 2006. – 640 б.
- Тагдырым – поэзия: макалалар, каттар, куттуктоолор, арноолор. – Б.: Бийиктик, 2008. 728 б.
- Мен билген Чыңгыз: Ырлар, эскерүү. – Б.: Бийиктик, 2008. – 52 б.
14 китеби орус тилинде которулуп жарык көргөн. Ыр китептери казак, өзбек, украин, азербайжан, тажик тилдеринде басылган жана ырлары алыскы жана жакынкы чет өлкө тилдерине которулган.
2003-жылы чыккан «Канат менен Зарина» махабат дастаны орус, тажик, түрк, өзбек, кытай ж.б. тилдерге которулуп, өзүнчө китеп болуп чыккан.
Котормолору
түзөтүү- Корея акындарынын үнү. – Ф.: Кыргызмамбас, 1952. – 25 б.
- Павло Тычина. Элдердин достугу: Ырлар жыйнагы. – Ф: Кыргызмамбас, 1954. – 86 б.
- Барто А. Балдар үчүн ырлар. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1954. – 136 б.
- Үч акындын ырлары – Ф.: Кыргызмамбас, 1954. – 135 б. (коллектив).
- Түркмөн акындары. – Ф.: Кыргызмамбас, 1954, 1957. – 187 б.
- Твардовский А. Ленин и печник. – Ф.: Киргизучпедгиз, 1962. – 14 б.
- Кулиев К. Дарыгер кумурска жөнүндө жомок. – Ф.: Мектеп, 1982. – 16 б.
- Шекспир В. Гамлет: Трагедия. – Ф.: Кыргызстан, 1983. – 224 б.
- Омар Хайам. Рубаилер. – Б.: Бийиктик, 2004. – 114 б.
- Орус ырлары. – Б.: Шам, 2002. – 304 б.
- Казак ырлары – Б.: Бийиктик, 2004. – 608 б.
- Европа-Азия ырлары. – Б.: Бийиктик, 2007. – 568 б.
- Согуш жана жениш. -Б.: Бийиктик,2009.
Булактар
түзөтүү- ↑ Лебедева, Л. (1978). "Джусуев, Сооронбай". Краткая литературная энциклопедия.
- ↑ Апышев, Мамасалы Аткаевич (2005). Сооронбай Жусуев. Жизнь замечательных людей Кыргызстана. ЖЗЛК.
- ↑ Сооронбай Жусуев. Өмүр баяны, Sputnik Кыргызстан (14.12.2021).
- ↑ 1928-1937: Эл эсиндеги элита өкүлдөрү жана сталиндик талоон, Азаттык үналгысы (10.08.2017).
- ↑ Кыргыз Эл баатыры Сооронбай Жусуев дүйнө салды, Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы (4.2.2016).
- ↑ Ажыматов, Зайырбек. Акын Сооронбай Жусуевдин эпопеясы, Азаттык үналгысы (2.06.2015).