"Соотчон арбак" (англ. Ghost in the Shel, орус. Призрак в доспехах) — Американын 2017-жылкы илимий фантастикалык экшн тасмасы. Режиссеру Руперт Сандерс. Сценарийин жазган Жэйми Мосс, Уиллиа Уилер жана Эрен Крүгер. Жапониялык Масамунэ Сиронун ушул эле аталыштагы мангасына негизделип тартылган. Башкы ролдорду аткаргандар Скарлетт Йоханссон, Такеши Китано, Майкл Питт, Пилу Асбек, Чин Хан жана Жулиетт Бинош. Жакынкы келечекти чагылдырган тасмада адамдар менен роботтордун ортосундагы чек жоголуп, Майор (Йоханссон) аттуу киборг супераскер өзүнүн өтмүшүн билүүнү өтө самаганы тууралуу баяндалат.

Логотиби

"Соотчон арбак" тасмасынын бет ачары Токиодо 2017-жылдын 16-мартында болуп өткөн. АКШда ушул эле жылдын 31-мартынан тарта 2D, 3D, IMAX 3D жана 4DX форматтарында кинотеатрларда көрсөтүлө баштаган.[not verified in body] Кинотасма бир беткей ой-пикирлерге ээ боло алган эмес: туруктуу визуалдык стиль, толкунданткан жана кылдаттык менен жасалган келечек, иш жүзүндөгү эффект, окуялардын өнүгүшү жана композициясы алкышка татыса, окуясы менен каармандардын иштелип чыгышы сынга кабылган. Йоханссондун башкы ролду аткарышы "уайтвошиң" (окуянын түп нускасында башкы каарман "ак түстүү" эмес, жапон болгон) болуп калгандыктан батыш киносынчылары тарабынан сынга алынган. 110 млн долларга тартылган тасма дүйнө жүзү боюнча 168 млн доллар киреше алып келген.

Сюжети түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү