Софокл (б. 3. ч. 496-406-ж. чен)- байыркы грек драматургу, мамлекеттик ишер.

  • Байдын үй-бүлөсүнөн.
  • 120дан ашык драмалык чыгарма жараткан.
  • Бизге жеткендери - «Аякс», «Электра», «Антигона», «Эдип надыша», «Эдип Колондо», «Трахиналык аялдар», «Филоктет» сыяктуу трагедиялар жана айрым чыгармаларынан үзүндүлөр.

Софоклдун чыгармаларынын мазмунун эски уруу салттары менен жаңы закондордун, тарыхый жаңы күчтөрдүн ортосундагы трагедиялуу кагылыш түзөт.

  • Ал чыгармаларында, о. эле афинылык замандаштарынын дүйнөгө көз карашын чагылдыруу аркылуу өзүнө чейинки драматургдардан өзгөчөлөнүп, чындыкты дал өзүндөй көрсөтүүгө аракет жасаган, С. Эсхилден кийин драмадагы хорду кыскартып, диалогду узарткан.
  • Анын чыгармаларынын тили жатык келип, мазмуну гумандуу болгон.

Чыгармаларынын сюжетин жана образдарын кийинки мезгилдеги жазуучулар (Акций, Сенека, Ж. Ротру, П. Корнель, Ж. Жироду, Ж. Ануй ж. б.) арбын пайдаланган. 19-кылымдан Софоклдун трагедиялары дүйнө элдеринин театрларында коюлууда.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.