Социалдык мамилелер – өндүрүштө жана коомдогу башка чөйрөлөрдө ар түрдүү абалга ээ, эмгектин мүнөзү, профессионалдык даярдыгы, улутка таандык болушу, жашоо жол-жобосу, статусу кирешелердин деңгээли жана булактары боюнча айырмаланган түрдүүчө функцияларды аткарган адамдардын социалдык топторунун ортосундагы көп түрдүү өз ара байланыштардын системасы.

Топтор, социалдык топтор жана катмарлар, этностук биримдиктер – социалдык мамилелердин негизги субъекттери болуп саналат. Алардын жыйындысы коомдун социалдык структурасын түзөт. Алардын социалдык иерархияда алган орду барыдан мурда өндүрүш каражаттарына карата мамилеси, эмгектин коомдук уюшулган ролу менен аныкталат.

Социалдык мамилелердин өнүгүүсүнүн, өзгөрүшүнүн, татаалданышынын объективдүү негизи болуп өндүрүш күчтөрүнүн өнүгүүсүнүн зарылчылыгы, коомдогу, анын руханий турмушундагы түп-тамырынан берки экономикалык жана саясий кайра түзүүлөр саналат. Алардын деңгээли жана багыты cоциалдык мамилелердин динамикасынын мүнөзүн жана багытын аныктайт. Бул объективдүү процесстерге активдүү түрдө саясий бийлик кийлигишет. Ал коомдук прогресстин зарылчылыктарын эске алуу менен cоциалдык мамилелердин өнүгүүсүнө жардам берет. Же аларга карата пассивдүү болушу жана алардын табигый кыймылынын жүрүшүнө тоскоолдук түзүшү да мүмкүн.


Ар бир коомдогу cоциалдык мамилелер татаал структураны берет. Анын өнүгүшү социалдык биримдиктердин түрдүү мүмкүнчүлүктөрүн, алардын жашоо ишмердүүлүгүнүн шарттарын, бирдей эмес статустарын чагылдырат да, объективдүү түрдө социалдык карама-каршылыктарды пайда кылат. Социалдык катмарлар менен топтордун түпкү кызыкчылыктарынын толук же бөлүгү менен дал келишинде алардын ортосундагы карама-каршылыктардын бирден бир кызыкчылыгын эсепке алуу менен чечилиш мүмкүнчүлүктөрү бар.

Ошону менен cоциалдык мамилелер кызматташтык, өз ара жардам берүү, союздун формасын кабыл алат. Социалдык топтордун түпкү кызыкчылыктарынын дал келбөөсү же кагылышуусу алардын ортосундагы карама-каршылыктардын курчуп, антогонисттик мүнөзгө ээ болушуна, кастык мамилелердин орношуна алып келет. Мындай мамилелер катаал конфронтация, түрдүү конфликт, социалдык жарылууларга алып келүү коркунучун туудурат. КМШ өлкөлөрүндө жүрүп жаткан демократтык кайра куруулар бардык социалдык топтордун жана катмарлардын кызыкчылыгын коргоп, социалдык мамилелеринин жаңы субъекттерин – ишкерлер, арендаторлор, фермерлер, банкирлер ж. б. пайда кылды. Бул процесстер социалдык-экономикалык, саясий кризис шарттарында жайылууда. Социалдык мамилелердин мүнөзү айрыкча социалдык-таптык жана улут аралык мамилелердин курчушуна байланыштуу олуттуу өзгөрдү.

Мурдагы СССРдин аймагында бир катар региондордо алар коом үчүн коркунучтуу конфликттер менен коштолууда. Бул шарттарда эффективдүү экономикалык реформалар жана калктын бардык катмарларын социалдык коргоонун кубаттуу системасы бар базар экономикасынын бекитилишин; Социалдык мамилелердин прогресси үчүн укуктук негизди, коомдун жана анын мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарынын эсепке алуу менен аларды тескөө механизмин түзүү зарыл .

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8