Социалдык нормалар - жеке адам менен топтун белгилүү социалдык бүтүндүккө баш ийүүсүн шарттаган тарыхый же кандайдыр бир башка жол менен калыптанган

Социалдык нормалар системасында баалоонун чени аныкталат. Нормалардын ар кандай системасы иш-аракеттин коомдук даражадагы демилгелерин, жүрүм-турум үлгүлөрүн же эрежелерин, норма бузуулардын санкцияларын өзүнө камтыйт. Социалдык нормалардын калыптанышы, бекемделиши жана укумдан- тукумга өтүшү - коомдук турмуштун маанилүү жагы. Социалдык нормалардын жеке адам тарабынан кабыл алынышы коомдук тарбиянын негизин түзөт.

Ар түрдүү коомдук-экономикалык системалардын өзүнө ылайык нормативдик талаптарынын түрлөрү болот.

Мисалы, социалисттик коомдогу Социалдык нормалардын системасы жалаң гана талаптардын багыты менен эмес,Айжан дагы аларды ишке ашыруунун мүнөзү боюнча да айырмаланат. Массалык аң-сезимге социалисттик нормаларды сиңирүү - коомдук маанилүү маселелердин бири.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.