Социалдык саясат (лат. sociolog – коомдук) – социалдык чөйрөнү жана социалдык мамилелерди теске салуу боюнча мамлекеттин жана коомдук уюмдардын ишмердүүлүгү; калктын турмуштук маанилүү керектөөлөрүн камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын жыйындысы. Бул же тигил өлкөдө Социалдык саясаттын эффективдүүлүгү кандай даражада адамдын жашоосу, анын эмгегинин жана эс алуусунун, тиричилигинин шарттарынын жакшыруусу, ден-соолугунун чыңалуусу, аң-сезими менен маданияттын жогорулоосу, этностор жана инсандар аралык мамилелердин өркүндөөсү, декларациядагы укуктар жана эркиндиктердин сакталуусу менен аныкталат. Социалдык саясат түрдүү экономикалык, уюштуруучулук, укуктук, өздүк, социалдык, культурологиялык, экологиялык, инсандык – ченемдерге ээ. Ушуга ылайык коомдо жүргүзүлгөн Социалдык саясаттын объективдүү критерийлери, сандык жана сапаттык мүнөздөмөлөрү бар. Алардын ичинде социалдык акыйкаттык принцибинин практикалык иш жүзөгө ашуусу; адамдардын түрдүү топторунун социалдык кызыкчылыктарын эсепке алып, алардын рационалдуу зарылчылыктарын канааттандыруу; калкты, анын ичинде айрыкча аз мүлктүү катмарларды, балдарды, карыларды, жумушсуздарды, катуу ооруларды коргоо зор мааниге ээ.
Социалдык саясат өзүнүн тескөөчү функциясы шаар менен кыштактын ортосундагы, акыл жана күч эмгегин пайдалангандардын, түрдүү улуттардын, элдер менен этностук топтордун, таптардын жана топтордун ичиндеги катмарлардын ортосунда, кесиптик жана башка бирикмелердин мамлекет менен индивиддин ортосундагы мамилелерди камтыйт.

Социалдык саясат аркылуу социалдык мамилелерди жакшыртуу даражасы бир катар факторлордон, анын ичинде мамлекеттик жана коомдук түзүлүштүн, материалдык-техникалык базанын өнүгүүсүнүн, демократия жана демократтык кыймылдардан, коомдун салт-санаасынан жана маданиятынан, адамдардын калыптанып калган жашоо жолунан көз каранды. Социалдык саясат мамлекеттик жана коомдук башкаруу жана тескөөнүн айрым механизмдеринин жардамы менен, социалдык мамилелер тармагында мыйзам чыгаруу акцияларын иштеп чыгып аны ишке ашыруу, социалдык программаларды, анын ичинде экологиялык саясаттын чегинде, социалдык абал жана өнүгүү суроолору боюнча айкын чечимдерди кабыл алуу жолу менен иш жүзөгө ашат. Өнүккөн cоциалдык саясат коомдун прогрессивдүү өнүгүүсүнүн маанилүү көрсөткүчтөрүнүн бири.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8