Социалдык топ - белгилүү тарыхый коомдун чегинде калыптанып, жалпы кызыкчылыкка, дөөлөткө жана жүрүм-турумга ээ болгон адамдардын туруктуу тобу.

Ар бир топто индивиддердин өз ара жана алардын жалпы коом менен болгон бөтөнчө белгилери (мүнөздүү окшоштуктардан турган) көрсөтүлөт.

Социалдык топтордун кеп түрдүүлүгү ушундай байланыштардын көп түрдүүлүгү менен аныкталат. Англ, философ Т. Гоббс жалпы кызыкчылыгы жана иши боюнча бириккен белгилүү сандагы адамдар Социалдык топ болот деп эсептеген. Австриялык социолог Л. Гумплович Социалдык топтун негизин биол. раса түзөт деген.

Социалдык топ жөнүндөгү теориялар Социалдык топко таптык талдоо жүргүзбөйт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.