Социалдык чөйрө - адам турмушун курчап турган коомдук, материалдык жана рухий шарттар.

Социалдык чөйрө кең маанисинде (макрочөйрө) коомдук- экон. системаны - өндүргүч күчтөрдү, коомдук мамилелердин жана институттардын жыиындысын, коомдук аң-сезимди, маданиятты толук өз кучагына алат. Тар маанисинде (микрочөйрө) адамды курчаган чөйрөнү, үй-бүлөнү, эмгек коллективин ж. б. билдирет.

Социалдык чөйрө инсандын калыптанышына жана өсүшүнө чоң таасир тийгизет, ошондой эле ал адам ишмердигинин натыйжасында өзү да өзгөрөт

Социалдык түзүлүш - өзүнө мүнөздүү өндүрүштүк, коомдук мамилелери жана саясий уюмдары бар коомдук, мамлекеттик түзүлүш системасы (мисалы, социалисттик түзүлүш, капит. түзүлүш), Социалдык түзүлүш - коомдук-экономикалык формация түшүнүгүнүн синоними

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.