СПАФАРИЙ МИЛЕСКУ Николай Гаврилович (1636–1708) – элчи жана илимпоз. Румынияда туулган. 1653–71-ж. молдаван жана валах төбөлдөрүнүн элчиси катары милдет аткарган. 1671-ж. диний миссия менен Москвага жиберилип, элчилик мекемеде иштеген. 1675–78-ж. Пекинге жиберилген орус элчилигин жетектеген. 1671–75-ж. тарыхый жана динияттык бир катар эмгектер жазган. Азияга арналган эмгегинде Енисейдеги кыргыздар жөнүндө да маалыматтар бар.


Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети. ISBN