Сперанский Михаил Михайлович

Сперанский Михаил Михайлович (1(12). 1. 1772 - 11(23). 2.1839 ) Петербург - орус мамлекеттик ишмери, граф (1839).

  • Дин кызматкеринин үй бүлөсүнөн.
  • Революциячыл кыймылды болтурбоо максатында жеке бийликке конституциялык мүнөз берүүнү, крепостной түзүлүштү капит. өнүгүүнүн талаптарына ыңгайлаштырууну көздөгөн мамлекеттик реформанын долбоорун сунуш кылган (1809).
  • 1812-ж. дворяндардын кысымы менен мамлекеттик иштен четтетилген.
  • 1816-ж. Пензанын губернатору, 1819-ж. Сибирдин генерал-губернатору болуп дайындалган.
  • 1821-ж. борборго кайра келген. Мамлекеттик советтин мүчөсү болгон.
  • Декабристтердин иши боюнча өкүм даярдоого катышкан. «Россия империясынын мыйзамдарынун толук жыйнагын» жана «Закондор жыйнагынын» басылышын жетектеген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.