Стартер (англ, starter, start - баштоо, жүргүзүү) - ичинен күймө кыймылдаткычты жүргүзгүч түзүлүш.

Стартердин негизги түйүндөрү - кыймылдаткыч, редуктор, негизги кыймылдаткычтын валы менен бириктиргич жана ажыраткыч түзүлүш, жургүзгүч түзүлүш. Иштөө принциби Аа Стартер инерциялык, түз аракеттуү жана айкалышкан болуп бөлүнөт. Стартер электрдик, пневматикалык, гидравликалык, бензиндик ж. б. болуп айырмаланат. Стартер тикеден тике (педалды басуу менен) же аралыктан башкарылышы мүмкүн. Жарык техникасында - люминесценция лампасын күйгүзүүчү түзүлүш.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.