Стереоскоп (стерео жана гр. skoрёо - карайм) - жер бетинин же айрым нерселердин сүрөтүн көлөмдүү кылып көрсөтүүчү оптикалык прибор.

Мындай прибордо объектинин сүрөттөрү эки чекиттен алынып, өз ара сирине бири дал келүүгө тийиш. Ошондо гана объектини адамдын он жана сол көзү айрым-айрым көргөндөй көрүнүш камсыз кылынат. Объектинин сүрөтүнүн талдап текшериле турган жадны чекити беттешкен сыяктанып, андан нурлар чагылыш үчүн Стереоскопто тийиштүү линзалар же чагылткыч күзгүлөр пайдаланылат.

Стереоскоп негизинен сүрөттөрдүн шифрин жандырыш үчүн колдонулат. Бул прибордун 100гө жакын түрү бар. Картографиялык максаттар үчүн алмаштырылма чодойткучтуу жана оптикалык пантограф менен айкалыштырып жасалган стереоскоп-пантограф түзүлгөн.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.

[[Category:]]