Столыпиндик агрардык реформа

Столыпиндик агрардык реформа – 1906–17-ж. Россияда дыйкандардын жер ээлиги жөнүндө кабыл алынган буржуазиялык иш-чаралар. Россия Министрлер Советинин төрагасы П. А. Столыпиндин атынан аталган. Реформанын максаты орустун дыйкан жамиятын бузуу жана жерди жеке менчикке бекитүү, жерсиз жана жери аз дыйкандарды Сибирге, өлкөнүн чыгыш аймактарына, ал эми Кыргызстанга көчүрүү болгон. Ушул реформанын негизинде 1906–14-ж. Жетисуу облусуна көчүрүлүп келгендерге жергиликтүү элден 2708226 теше (Пишпек уездинин Сарыбагыш болушунан 1910–13-ж. 48216 теше, Суусамыр болушунан 1912-ж. 98466 теше, Пишпек уездинен 714 миң теше, Пржевальск уезди боюнча 422 627 теше) жер алынган. 1913–15-ж. Фергана өрөөнүндөгү кыргыздардын 81 миң теше жери алынган; Россиядан көчүрүлүп келгендердин 46 кыштагы пайда болгон. Мындан башка бир топ жер казынанын фондусуна алынган. Пишпек жана Пржевальск уезддеринен бул фондуга 352 440 теше жер өткөн, Столыпиндик агрардык реформа агрардык маселени чече алган эмес. Айыл-кыштактарда таптык карама-каршылыкты ого бетер ырбаткан. Кыргызстанда улуттук-боштондук күрөшүнүн күчөшүнө кошумча себеп болгон. Столыпиндик агрардык реформасынын ишке ашпай калышы падышалык жеке бийлик жоюлмайынча агрардык маселе чечилбей тургандыгын аныктаган.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети. ISBN