Субфебрилдик ысытма — дене табынын 37,1-38,0 ° С чегинде узак убакытка көтөрүлүшү. Ал көптөгөн ооруларда байкалып, анча билинбеген сезгенүү жараяны тууралуу кабар бериши мүмкүн.[1]  

Дененин классикалык субфебрилдик ысытмасы 37-37,5 ° C түзөт, бирок адистер жогору 37,5-38 ° C көрсөткүчүн да кошушат. Ушул себептен дененин 37 ден 38 градуска чейинки ысытмасын көпчүлүк дарыгерлер субфебрилдик же калтыратмага жакынкы деп аныкташат.[2]  

Балдардын субфебрилдик ысытмасы түзөтүү

Бала кезинде аныкталган жылуулуктун жөнгө салынышынын бузулуусунун жок дегенде 2%ы тубаса диэнцефалдык синдром, башкача айтканда, жогоруда айтылгандай гипоталамус көйгөйү болуп эсептелет.

Баланын субфебрилдик ысытмасы көбүнчө жогорку дем алуу жолдорунун, кеңилжээр жана кулактын инфекциялары менен коштолот. Ошентип, төмөнкү деңгээлдеги ысытма жана жөтөл КДВО, өнөкөт тонзиллит, бронхит жана пневмонияда болушу мүмкүн. Тиш чыкканда жана эмдөөдөн улам да ысытма чыгышы мүмкүн. Тулку-бойдун кыймылы, катуу жээлигүү, оор кийим кийип жүрүп ысып кетүү, аз кандуулук жана башкалар да субфебрилдик абалды пайда кылат.

Өспүрүмдөрдүн субфебрилдик температурасы жыныстык жетилүү курагы менен байланышкан, бирок этибарга албай коюуга болбогон патологиялар да болушу ыктымал. Балдар доктурлары диэнцефалдык синдром, кандын залалдуу оорулары, калкан безинин патологиялары, аутоиммундук илдеттер менен шартталган балдардын жана өспүрүмдөрдүн термоневрозуна өзгөчө көңүл бурушат.

Мисалы, 16 жашка чейинкилерде Стилл илдети же алсыздык жана субфебрилдик ысытма мүнөздүү болгон тутумдуу балдардын бейдарек артрити күчөшү мүмкүн.

Бул ошондой эле атропин, заара айдоочу, калтыроого каршы, антипсихотикалык жана бактерияга каршы айрым дары-дармектерди узак мөөнөттө колдонуунун кыйыр таасири да болушу мүмкүн. Ошентип, антибиотиктер үчүн субфебрилдик ысытма аларды колдонуу айрым оорулардын белгилерин жоготуп салуусу менен шартталат жана андан кийин бир гана жышаан – термометрдин көрсөткүчүнүн жогорулашы калат.[3]  

Балдардын субфебрилдик ысытмасын дарылоо түзөтүү

Балдардын субфебрилдик ысытмасын суук тийип же сасык тумоо болбосо өз алдынча дарылоо оң натыйжа бербей тургандыгын ата-энелер эсинен чыгарбашы керек. Ар кандай ооруга каршы күрөшүүдөгү эң маанилүү кадам – бул диагноз коюу. Бул үчүн баардык анализдерди тапшырып, УДИ жана ички органдар менен мээни магниттик-резонанстык томография жасап, баланы тыкыр текшерүү керек. Ошондуктан кечикпей тажрыйбалуу медициналык адиске кайрылуу сунушталат.

Эгерде сиз суук өткөндө дароо эле ысытманы түшүрө турган дары-дармектер менен дарылай баштасаңыз, анда бул ооруну кабылдатып жибериши мүмкүн. Дарыгерлер вирустук жугуштуу илдеттерге каршы ысытманы түшүрүүчү каражаттарды организм өз интерферонун иштеп чыгышын үзгүлтүккө учуратпаш үчүн ысытма +38 ° Сдан жогору болгондо гана ичирүү керектигин ар дайым эскертип келишет. Ал эми жугуштуу оорулар менен албетте, антибиотиктерсиз күрөшө албайбыз, бирок аларды дарыгер гана дайындоого тийиш.

Бөлөк учурларда балдардын субфебрилдик ысытмасын дарылоо аныкталган ооруну дарылоо алгоритмине ылайык жүргүзүлүшү керек, башкача айтканда анын пайда болуш себебин жоюу зарыл. Албетте, эгер бул мүмкүн болсо гана. Анткени балдар доктурларынын жана кайсы бир адистиктеги дарыгерлердин клиникалык практикасында эмнеден келип чыккандыгы анык эмес субфебрилдик ысытма деп аталган учурлар көп кездешет.

Дене табы мезгил-мезгили менен +38 ° Сге чейин кеминде 20 күн аралыгында көтөрүлүп, ооруканада жүргүзүлгөн текшерүүдө себеби аныкталбаса, ушундай учурларга кирет.

Мындайда баланын субфебрилдик ысытмасы гипоталамус патологиясынан чыгышы мүмкүн экендигин эске алып, ата-энелер невропатологдон кеңеш сурашы абзел.

Өспүрүмдөрүн субфебрилдик ысытмасынын себептери түзөтүү

Өспүрүмдөрдөгү туруктуу субфебрилдик ысытма ченем катары каралбашы керек (бирок кээде ушундай болот). Буга көбүнчө узак мезгилге созулган жугуштуу оорулар себеп болушу ыктымал. Бирок чоңдордо да, балдарда да субфебрилдик ысытма ченем болуп саналган адамдардын тиби бар жана ысытма пайда болгондо алар анын эч кандай терс таасирин сезишпейт.

Балдарда дагы, айрыкча өспүрүм куракта, туруксуз психоэмоционалдык абал тез-тез байкалат, бул ар кандай психосоматикалык оорулар учурунда дененин субфебрилдик ысытмасын пайда кылышы мүмкүн.[4]  

Узак убакытка созулган жогорку ысытма көрсөткүчтөрүн пайда кыла турган оорунун эң негизги булагы бейтаптын организминдеги жугуштуу оору (ар кандай тектеги) болуп эсептелет. Кадимки курч дем вирустук оору (КДВО) көпчүлүк учурларда жалпы алсыздыктан, баш оорудан, муундардагы оору белгилеринен, риниттен жана жөтөлдөн тышкары субфебрилдик абал менен коштолгондой сезилет.

Кээ бир жугуштуу оорулар (мисалы, чечек, кызамык) баланын ымыркай кезинде дээрлик ысытмалатпайт же бир аз ысытмалатат, ал эми өспүрүм курагында бул илдеттер кыйла татаалыраак өтөт, денесинин табы да жогору болот.

Сезгенүү процесси узак убакытка созулганда негизги белгилер көбүнчө курчтугун жоготуп, көнүмүш адатка айланат. Ички көйгөйдүн бар экендигин билдирген жалгыз критерий – көпкө созулбаган субфебрилдик абал болуп эсептелет. Мындай кырдаалда илдеттин түпкү себебин аныктоо кыйынга турушу мүмкүн.

Өспүрүмдүн организминеги жугуштуу жабыркоонун себеби ЛОР органдарынын синусит, фарингит, ринит, тонзиллит, ларингит, отит жана башка оорулары болушу мүмкүн.

Бул ошондой эле колит (ичеги-карындын былжыр челинин сезгениши), холецистит (өттүн сезгенүү оорусу), гастрит (ашказан керегесинин былжырлуу кабыгынын сезгениши), панкреатит (уйку безинин сезгениши), он эки эли ичегинин сезгениши) ж.б. сыяктуу тамак сиңирүү органдарынын дарттан жабыркашы болушу мүмкүн.

Субфебрилдик ысытма цистит, уретрит, пиелонефрит сыяктуу заара чыгаруучу жолдордун жугуштуу-сезгенүү ооруларынан жана ушул тутумга таасир этүүчү башка оорулардан жана өспүрүмдүн жыныс органдарын жабыркатуучу сезгенүү ооруларынан да келип чыгышы мүмкүн:

Субфебрилдик ысытманын туура диагнозун табуу жана себебин аныктоо үчүн адатта дарылоочу дарыгер, бейтапка кан жана зааранын жалпы анализин тапшырууну буюрат. Аларды текшерүүнүн натыйжасында өспүрүмдүн денесинде сезгенүү процесси бар же жок экендиги так көрсөтүлөт.[5]  

ВТБдагы субфебрилдик ысытма   түзөтүү

Бардык ички органдардын, секрет бездеринин жана кан-тамырлардын иш-аракетинин чагылышы катары организмдеги жылуулуктун жөнгө салынышы вегетативдик нерв тутуму тарабынан координацияланып, ички чөйрөнүн туруктуулугун жана организмдин ыңгайлашып, жооп кылуусун камсыз кылат. Демек, анын ишиндеги бузулуулар ВТБда, башкача айтканда вегетативдик-кан тамыр бошоңдоосунда субфебрилдик ысытма түрүндө көрүнүшү мүмкүн.

Дене табынын күтүүсүздөн 37-37, 3° Сге чейин жогорулашынан тышкары, кан басымынын жана жүрөктүн кагышынын өзгөрүшү, булчуң тонусунун төмөндөшү жана гипергидроз  (тердин көп чыгышы) сыяктуу нерв айлампалык бузулууларды байкоого болот.

ВТБ пайда болуш себебине жараша клиникалык кан-тамыр бошоңдоосу клиникалык медицинада генетикалык, жугуштуу-аллергиялык, мертинүүчү жана психогендик болуп айырмаланат.

Жакынкы мезгилге чейин мындай шартта, башкача айтканда, анык себепсиз эле дене табынын көтөрүлүшү келип чыгышы белгисиз субфебрилдик ысытма катары аныкталган. Азыр диэнцефалдык синдромдун, гипоталамустун  (биздин негизги "термостаттын") тубаса же кийин бузулушунан улам жылуулукту жөнгө салуу процесси бүлүнөрү белгилүү.[6]  

Аз кандуулуктагы субфебрилдик ысытма түзөтүү

Аз кандуулук жана субфебрилдик ысытма биохимиялык деңгээлде өз ара байланышкан. Темир жетишсиздиги аз кандуулугу гемоглобиндин иштелип чыгышынын бузулушуна жана анын эритроциттердеги курамынын азайышына алып келет. Дененин баардык клеткаларында, биринчи кезекте мээде кычкылтек жетишпей, зат алмашуу бузулат.

Ошентип, денедеги темир жетишсиздиги белгилеринен тышкары, дене табы азыраак, бирок тез-тез көтөрүлүп турат. Балдар жана өспүрүмдөр жыныстык жактан жетиле баштаганда темир жетишпегендиктен аз кандуулукка кабылат. Субфебрилдик ысытмадан бөлөк, аларга суук тийип, табити жоголуп жана салмагы азайышы мүмкүн.

Мындан тышкары, темирдин начар сиңиши жүлүндөгү гемоглобин синтезин жөнгө салуучу В9 витамининин (фолий кислотасы) жана В12 витамининин (цианокобаламин) жетишсиздигине байланыштуу.

Аз кандуулук учурунда дененин субфебрилдик ысытмасын этибарга албоо ичеги-карын ооруларынын сезгенишине жана атрофиясына алып келиши ыктымал.[7][8][9][10]