Субэкватор алкактары - Жердин табигый географиялык алкактары.

Экватор жана тропик алкактарынын ортосунда. Жайында экватор, кышында тропик (пассат) аба массалары басымдуу. Кышы кургак, жайы нымдуу экватордук муссон климаты мүнөздүү. Айлык орт. температурасы 15-32°С, жылдык жаан-чачыны 250- 2000 мм. Ландшафт зоналары меридиан багытында алмашат: нымдуу токой, жалбырагы кубүлмө токой, бийик чөптүү саванна жана саванна токою, кадимки саванна, чел саваннасы жана сейрек токой. Тоолоруна токойлуу шалбаа жана токойлуу талаа алкактары мүнөздүү. Копшөөчү ача туяк, жырткыч ж. б. айбанат турлөрү басымдуу.

Субэкватор алкактары океанда Түндүк Пассат агымынын чегине туура келет. Суунун орт. температурасы 25°С; экваторго карай тузд. 37%ге чейин азаят. Алкактарда өсүмдүк плантациялары, мал чарба бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.