Географиялык алкак

Географиялык алкактар‎»‎ барагынан багытталды)

Географиялык алкактар, физикалык географиялык алкактар, табигый алкактар географиялык кабыктын зона боюнча эң ири бөлүнүшү. Негизинен кеңдик же субкеңдик боюнча созулат. Ар бир алкакка термиялык шартынын жалпылыгы (негизинен жер бетине түшкөн күн радиациясынын өлчөмүнө байланыштуу), аба массаларынын циркуляциясынын жана зат айлануусунун жалпы өзгөчөлүктөрү, геоморфологиялык, биохимиялык жана башка процесстеринин бөтөнчөлүгү, өсүмдүк вегетациясынын белгилүү бир ритмикасы жана башка мүнөздүү. Климаттык факторлорго (негизинен мезгилден мезгилге карата жылуулук менен нымдын айырмасы) жана океандан материктин ичин карай алыстыгына карата географиялык алкактар секторлорго (океан жээктик, ички материктик жана алардын арасындагы өтмө) жана физикалык географиялык зоналарга бөлүнөт; ал эми тоолуу аймактарга бийиктик алкактуулук мүнөздүү. Географиялык алкактар рельефтин же океандык агымдардын таасиринен кеңейет же кууштап кетиши мүмкүн. Кургактыкта адатта экватордон уюлдарды карай экватордук алкакка, экиден (Түндүк жана Түштүк жарым шарларда) субэкватордук, тропиктик, субтропиктик, мелүүн алкактарга бөлүнөт; Түндүк жарым шардын жогорку кеңдиктеринде субарктикалык жана арктикалык, Түштүк жарым шарда субантарктикалык жана антарктикалык алкактар жайгашкан. Географиялык алкактар Дүйнөлүк океандарда да байкалат, бирок алар көбүнчө бир түрдүүлүгү менен айырмаланат.

Байланыштуу макалалар түзөтүү

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Биология: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш А. Токтосунов (төрага) ж. б. — Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - 2004. 504 б.
  • “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4