Сулайка"Манас" эпосунун эпизоддук кейипкери, Каныкейдин нөкөрү. Манас Каныкейге күйөөлөп баргандагы ат чаап, жар тандоодо аты отуз жетинчи келген Абыш тагдырына буюрган С-га үйлөнөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 419, 427).

Сулайка — "Манас" эпосунун эпизоддук кейипкери. Акбалтанын аялы. Чыйырды Манасты төрөгөндө жардамдашып жүргөн аялдардын бири (Сагымбай Орозбаков, 1. 62 — 63).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4