Сулайман — диний уламышта он сегиз миң ааламга падыша болгон легендарлуу пайгамбар. Жаратылыштагы жандуулардын бардыгы Сулайманга багынган имиш. Библияда Соломон пайгамбар делет. "Манас" эпосунда Сулаймандын образына эпикалык баатырлардын эрдиктерин, эр жүрөктүүлүгүн салыштыруу менен аларды өзгөчө поэтикалык формада идеалдаштырат. Мисалы, "Ошол турган Бээжинден Сулайман сурак албаган" (Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 919-инв., 1640-б.), — деп легендалуу С. ала албаган Бээжинди Манастын караткандыгы айтылып, баатырдыгы даңазаланат...

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4