Султанов Шерикбай Ганыевич түзөтүү

СУЛТАНОВ Шерикбай Ганыевич [25. 05. 1965, Ош облусу, Ноокат району, Баргы (мурунку Кыркол) айлы] – генерал-майор (2010). Орто мектепти аяктагандан кийин (1982), Горький шаарындагы (азыркы Нижний Новгород, Россия) И. Х. Баграмян атындагы жогорку аскер окуу жайын (1986), РФнын транспорт жана тыл аскер академиясын (2001), ошол эле жылы КУУнун юридикалык факультетин бүтүргөн Самарканд шаарындагы (Өзбекстан) аба чабуулунан коргонуу дивизиясында (1986–89), Анжиян шаарында жайгашкан аба полкунда азык-түлүк кызматы боюнча начальник (1989–91), Григорьевка (азыркы Кордой, Казакстан) кыштагында радиотехникалык батальондун тыл боюнча командирдин орун басары (1991–93), Ош шаарындагы зениттик-артиллериялык бригаданын тыл боюнча командирдин орун басары (1993–2001), КР Коргоо министрлигинде тыл башкармалыгынын начальниги (2001–05), ошол эле жерде тыл боюнча штаб начальниги (2005–07), КР Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары (2007–08), КР Коргоо министринин орун басары (2008). «Күжүрмөн кызматы үчүн» ж. б. медалдар менен сыйланган.