Суппорт, супорт (фр. support - кармап турам, тиреп турам) - металл жонгуч станоктун кескич аспабын же буюмду бекитүүдө жана аны иштетүүдө керектүү орунга жылдыруучу негизги жумуш аткаргыч органы.

Суппорт жонгучту кармагычтан жана аспаптын кыймылын багыттагычтан турат. Суппорт иштетүүнүн түрүнө жараша токардык, жылмалагыч ж. б.; кескич кыпчыткычтын тиби боюнча кескич, револьвердик; станокто жайгашуусу боюнча жогорку, алдынкы ж. б.; ошондой эле багыты жана кыймылдын мүнөзү боюнча узата, тууралжын жана термелме болуп айырмаланат.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.