Сурнай, зурна (иранча сурна, сурнай, сөзмөсөз — майрамдык флейта) — үйлөмө музыкалык аспап, Кавказ (Азербайжан, грузин, армян жана башкалар), Орто Азия (тажик, өзбек, кыргыз) элдеринде кытай (сона), иран жана башка элдерде колдонулат. Сурнай камыштан жасалган мүштөк менен ойнолот. "Манаста" да улуттук байыркы музыкалык аспап катарында колдонулат. "Манас" эпосунда суранайдын кандай нерседен жасалганы, көлөмү жөнүндө маалымат берилген эмес. Бирок аш, тойлордо, жортуулдарда тартылганы айтылат.

Анын үнү "Манас" эпосунда "Сурнайдын үнү такылдап" (Сагымбай Орозбаков, 2. 67), — деп абдан так, өтө ачык, үндүү аспап катары сүрөттөлөт. Сурнай түрдүү музыкалык аспаптар менен ансамблдешип аткарылуу менен айрым учурда кан төгүлгөн согуштарда жеке да тартылган. Көпчүлүк учурда сурнай керней менен бирдикте аткарылып жарчыга кабар айттыруучу, жоокерлерди, калкты чогултуучу аспап катарында да ойнолгон. Алсак эпосто "Керней, сурнай тарттырып, Жарчыга кабар айттырып" (Сагымбай Орозбаков, 2. 60), — деп баяндалат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4