Керней музыкалык үйлөмө аспап. Орто Азия жана Иранда аскердин кабар берүүчү музыкалык аспабы катары колдонулган. "Манас" эпосунда К. көбүнчө сурнай менен бирдикте аткарылып, жоокерлерди, элди чогултуу үчүн тартылган: «Керней, сурнай тарттырып жарчыга кабар айттырып» (Сагымбай Орозбаков, 2. 60). Ошондой эле К. ар түрдүү окуяларда, башкы каармандардын жеңиштеринде, салтанаттарында жана башкалар учурларда тартылган. Мисалы, Манас баатыр Акунбешимди жеңгенде:

Ордого керней коюлуп,

Дүйнө жүзү союлуп.

Желек туудан бөлүнбөй

Жердин жүзү көрүнбөй (Сагымбай Орозбаков, 2. 180),— деп баяндалат.

К. башка музыкалык аспапсыз жеке да тартылган. Аскерлерди чогултуучу-кабардоочу аспап катарында пайдаланылган.

Манас баатырдын туш-тушка кеткен аскерин жыюуда: «Баңдулунун түбүндө Жети жүз керней бапылдап Аскерин жыйып азырлап» (Сагымбай Орозбаков, 2. 127) — делип сүрөттөлөт. Манас Алооке канды багындырганда:

Бакка пааша киргенде,

Баркыраган кернейден

Алты жүзү тартылып,

Кернейдин үнү бапылдап

Сурнайдын үнү такылдап (Сагымбай Орозбаков, 2. 184), жеңишти даңазалайт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү