Суусамыр (суу жана түркчө самыр–кундуз, суу кундуз) – Ички Теңир-Тоодогу суу. Узундугу 90 км, алабынын аянты 2410 км2. Талас Ала тоосу менен Суусамыр кырка тоосунун кошулушундагы Ала-бел ашуусунан башталып, Суусамыр өрөөнү менен чыгышты карай агат. Жээктери жайык, саздуу, айрым жерлеринде салааларга бөлүнүп, жайылмасынын туурасы бир нече кмге жетет. Төмөнкү агымынын жээктери бадал-токойлуу. Батыш Каракол менен кошулуп, Көкөмерен суусун түзөт. Негизги куймалары: Өтмөк, Корумду, Чарыя (сол), Батыш жана Чыгыш Арамза, Чоң Үчемчек (оң). Кар, мөңгү жана булак сууларынан куралат. Жылдык орточо чыгымы 39,3 м3/сек. Апрелде кирип, сентябрда тартылат. Айрым куймалары сугатка пайдаланылат. Жээгинде Суусамыр кыштагы жайгашкан.

Суусамыр.

Колдонулган адабияттар түзөтүү