Суусамыр чайыр гүлү (лат. Silene sussamyrica), (Lazkov) - Нык дүңгө каудекстүү, тамыр моюнчасында былтыркы жалбырак сабынын калдыгы сакталып калган көп жылдык өсүмдүк. Тамыр моюнчасындагы жалбырактары ланцеттей, сызгычтай-ланцеттүү, түксүз. Сабагынын бийиктиги 40 см ге жетет, тик өсөт. Гүлү – чачык топ гүлгө чогулган, төмөн ийилип турат. Чөйчөкчөсүнүн узундугу 10-12 мм, түтүктөй, кыска, учсуз, жээги кийиздей тытышкан түктүү тишчелүү. Желекчелери жашылыраак, түбүнө чейин сызгычтай бөлүк тилкелүү. Мөмөлөрү (карпофорасы) – түктүү.

Биологиялык өзгөчөлүктөрү түзөтүү

Июнң-июлда гүлдөп, июлң-августта уруктанат. Уругу аркылуу көбөйөт.

Жалпы жана өлкөдө таралышы түзөтүү

Суусамыр тоо кыркасынын түштүк беттери, Кабактоо, Молдотоо жана Көкийрим тоо кыркалары.

Өсүү шарттары түзөтүү

Тоо беттериндеги жарлардын, аска-зоолордун жаракалары.

Саны түзөтүү

Өскөн жерлеринде анча чоң эмес сандагы популяциялары кездешет.

Чектөөчү факторлор түзөтүү

Аныкталган эмес.

Өстүрүү түзөтүү

Өстүрүү аракети жасалган эмес.

Уюштурулган коргоо аракеттери түзөтүү

Коргоого алынган эмес.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер түзөтүү

Суусамыр тоо кыркасынын түштүк бетинде сейрек кездешүүчү түрлөр үчүн ботаникалык заказник уюштуруу керек.

Статусу түзөтүү

EN. Антропогендик таасирлердин натыйжасында тез эле жок болуп кетүү коркунучунда турган, сейрек учураган, чакан аймактан белгилүү, аз сандагы эндем түр.

Колдонулган адабияттар түзөтүү