Сухов Василий Иванович (1910, Алтай крайы, Змеиногорский району, Барановка айлы — 1945, Польша, Шнайдемюль) — Советтик Союзунун Баатыры (27.11.1945), капитан.

Сухов Василий Иванович.

Жети-Өгүз районунда жашап, «Тамга» санаторийинин курулушунда, андан кийин райондук спорт коомунун төрагасы болуп иштеген.
Советтик Армияда 1932—38-ж. жана 1939-жылдан. Командалык (офицердик) составдын билимин жогорулатуучу курсту бүткөн.
Улуу Ата Мекендик согушка 1941-ж. июлдан катышкан. 1285-аткычтар полкүнда батальондун (1-Белорус фронту, 47-армия, 60-аткычтар дивизиясы) командири.
1945-ж. 16-январда Новы-Двурлу Мазовецки шаары (Польша) тушта Висла дарыясынан өтүүдөгү салгылашта эрдик көрсөткөн. Анын батальону ээлеп алган плацдармды коргоп, душмандын бир кыйласын жок кылган.
Сухов Ленин, 2-даражадагы Ата Мекендик Согуш, 2 Кызыл Жылдыз ордендери менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.