Сыбызгы

1. Кыргыздын туурасынан кармап ойнолуучу үйлөмө музыкалык аспабы. Ал адатта өрүктөн, тыттан ж. б. жасалат. Уз. 480-510 мм. Добуш өзгөртүүчү көзөнөктөрүнүн саны 6, үн кооздочу көзөнөгү бар. Анда күүлөр, ырлардын обондору аткарылат.

Сыбызгынын жезден жасалганы жезнай деп аталыл, көбүнчө керней, сурнай, доолдон турган чыгыш аскерий оркестринин курамына кирген. Анын аткаруусунда «Сарбоз», «Сарбозчо»,«Сыбызгынын кертолгоо» ж. б. сыяктуу күүлөр бар.

2. Казактардын эки башы ачык бойлото кармалып ойнолуучу чоору. Уз. 600-650 тм. Добуш өзгөртүүчү көзөнөктөрүнүн саны 3-6.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.