Сыйынуу — айлана-чөйрөгө, жаратылыш кубулуштарына, жан-жаныбарларга, арбактарга жана башкалар ушундай сыяктуу көрүнүштөргө карата аткарылуучу диний-мифологиялык маанайдагы ырым жырымдардын жыйындысы. С. ар түрдүү болгон. Мисалы, магиялык, анимисттик , тотемдик, фетиш, арбактарга, жаратылышка жана башкалар Кыргыз элинин байыркы замандагы идеологиясында диний-мифологиялык көз караштар элдин турмуш-тиричилигинде зор орунду ээлеп келген.

"Манас" эпосунда жаратылыш кубулуштарына, арбактарга, касиеттүү жер-сууга, жана башкалар ушундай сыяктуу С. өтө кеңири орун алган. Мисалы, "Көкөтөйдүн ашы" эпизодунда арбакка С. ага карата эл чогултуп, аш берүү жана башкалар каймана аракеттер, же болбосо Жакыптын бала көрбөй зар какшап "Жараткан жапар кудайым" деп күн сайын С-ганы, же болбосо "Көк теңир, Умай энеге С. жана башкалар ыр саптары "Манас" эпосунда кеңири орун алгандыгын далилдейт. Ар бир С-нун өз ирети, ырым-жырымы калыптанган.

Колдонулган адабияттарОңдоо

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4