Шарттары түзөтүү

Оюнчулардын саны 10—15 киши.

Оюн талаада, токойлуу жерде өткөрүлөт.

Оюнга даярдануу түзөтүү

Жетекчи шайланат, калган оюнчулар эки топко бөлүнүшүп, ар бир топтун оюнчулары өздөрүнө «пароль» (сыр) жөнүндө сүйлөшүп алышат. Топтордун өкүлдөрү жетекчиге сырлары жөнүндө билдиришет. Андан кийин, жетекчи колго түшкөндөрүн суракка алчу жерди белгилейт.

Оюндун баяны түзөтүү

Жетекчинин буйругу боюнча оюнчулар өз топтору менен ар тарапка барышын жашынышып, бир бирин аңдышат. Ыңгайлуу убакыт табышып бир топтун оюнчулары экинчи топтун бир же эки оюнчуларын урдашын, суракка алчу жерге алга барышып, анын кол-буттарын таңышып, кытыгылашып, кыйнашып алардын тобунун сырын айттырууга аракеттенишет. Эгерде колго түшкөн оюнчу суракка чыдабай, өз тобунун сырын айтып койсо, аны жетекчиге айтылган сырдын туура же туура эместигин билүү үчүн алып келишет. Жетекчи топтун сыры туура же туура эместигин, ошондой эле оюндун жыйынтыгын айтат. Ошентип оюн бири биринин сырларын билгиче уланат. Сырды бат билген топтун оюнчулары жеңүүчү болот.

Оюндун эрежеси түзөтүү

Колго түшкөн оюнчуларды суракка алчуу жерден башка жерде сураганга, ал оюнчунун колу-буттарын кайрууга, толгоого, муунтууга, урууга болбойт.

Методикалык көрсөтмө түзөтүү

Колго түшкөн оюнчуларды шериктери келип аны куткарышып кетүүгө болот.

Педагогикалык мааниси түзөтүү

Күчкө, шамдагайлыкка тарбияланат, чыдамкайлыкка үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү