Сүйүү күчү — 2018-жылы чыгарылган кыргыз көркөм тасмасы.

Сүйүү күчү
Жанры

Романтикалык, комедия

Режиссёру

Асема Токтобекова

Продюсери

Акжол Нишанов

Сценарийдин
автору

Асема Токтобекова

Башкы ролдордо

Асема Токтобекова,
Улан Эшпаев,
Марат Алышпай,
Гүлмира Турсунбаева,
Замира Сатыбалдиева,
Болотбек Тилек уулу

Узактыгы

68 мүнөт

Өлкө

 Кыргызстан

Тили

Кыргызча

Жылы

2018

Super.kg

ID 3897

Мазмуну түзөтүү

Кадимки карапайым кыргыз айылы. Анда айтылып бүткүс окуяларга бай бир ууч эл жашайт. Алардын арасында Арсендин чакан үй-бүлөөсү да бар. Башкаларга салыштырмалуу турмушу жарды болгону аз келгенсип, келинчеги кенже уулу Алмазды төргөндө каза болуп калат. Балдарын жалгыз тарбиялап, багып чоңойтот. Улуу кызы Алтынай бир туугандарынын түйшүгүн жалгыз көтөрдп. Ал күн алыс тоого отун тергени кетет. Табият менен баарлашат. Аскалар, шар аккан суу, гүлдөр, көпөлөктөр менен сырдашат. Ал табияттын, куш-канаттуулардын тилин жакшы түшүнөт. Алар да Алтынайга жан дүйнөсүн ачып жаткандай туюлат. Өзүн тоодо гана бактылуу сезет. Бир күнү тоодон келе жатып капысынан, бала кезинен бир-бирин жактырып, сүйүп жүргөн жигит, бирок алыстатуу максатында чет өлкөгө окууга жиберилген Бакытка жолугат. Ошол көз ирмемден тартып жан дүйнөсүндө билинбеген өзгөрүүлөр башталат... Бакыт аттуу жигит төгөрөгү төп келген келишимдүү, билимдүү болгондуктан аны ата-энеси үйлөнтүүгө шашат. Бирок ал турмуш куруудан баш тартып түрдүү амалдарга барат. Себеби ал апасы каршы болгон бетинде тырыгы бар, кыймылы олдоксон Алтынайды жакшы көрөт. Ортодо көп тоскоолдуктар болот[1].

Каармандарда түзөтүү

  • Асема Токтобекова — Алтынай
  • Улан Эшпаев —
  • Марат Алышпаев —
  • Гүлмира Турсунбаева —
  • Замира Сатыбалдиева —
  • Болотбек Тилек — Сагын

Эскертмелер түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү