Асема Токтобекова
Кыргызстандык актриса, ырчы жана режиссёр
Асема Токтобекова (тж. 25-июль, 1986, Бишкек) — Кыргызстандык актриса жана ырчы.
Асема Токтобекова
| |
Туулган датасы: | |
---|---|
Туулган жери: | |
Жарандыгы: | |
Кесиби: | |
Карьерасы: |
2008 - Азыркы убакыт |
IMDb: |
Өмүр баяны жана карьерасы
түзөтүүАсема Токтобекова 1986-жылы 25-июлда Бишкек шаарында төрөлгөн. 2008-жылы Кыргыз улуттук университетинин эл аралык байланыштар факультетин, кийин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтун аяктаган. 2008-жылы режиссёр Эрнест Абдыжапаровдун "Боз салкын" тасмасындагы мыкты ролу үчүн Баку шаарында өткөн "Восток-Запад" эл аралык кинофестивалында "Эң назик образ" байгесине ээ болгон.
Үй-бүлөлүү. Учурда өмүрлүк жолдошу Акжол Нишанов менен эки уул, бир кызды тарбиялап келишет.
Тасмаграфиясы
түзөтүү- Боз салкын (2007) — Асема (шаардык кыз), Сагындын жубайы
- Уурунун махабат (2009) —
- Көк жал — Түркияда иштеген кыз (режиссёру Асема Токтобекова)
- Такебай (2019) — Асел
- Сүйүү күчү —
Ырлары
түзөтүү- Жаным
- "Карамель"
- "Асем кыз"
- "Энекем"
- "Онтоосу ичте жүрөктүн"
- "Мезгил"
- "Наристем"
- "Жымыңдайт жылдыз"
- "Көл кечи"