Сүйөркулов Шамшидин (1929-жылы Ленин району, Шайдан кыштагында төрөлгөн - 30.05.1992) — хирург, Социядистик Эмгектин Баатыры (1978), Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген врачы (1976), Саламаттык сактоонун отличниги (1974). Кыргыз мамлекеттик медицина иниститутун бүтүргөн (1954) кийин Ленин райондук ооруканасынын хирургу, 1968-жылдан хирургия бөлүмүнүн башчысы. 1966-жылы 1-категориядагы хирург-врач наамына татыктуу болгон. Азыркы медицина илиминин жетишкендигин жана хирургия иштериндеги тажрыйбасын колдонуу менен калкты медицина жактан тейлөөдө ири ийгиликтерге жетишкен.

Сыйлыктары түзөтүү

Социядистик Эмгектин Баатыры, Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу ордени, медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • Борбугулов М. "Ош областы энциклопедия" Фрунзе 1989ж.