Сүрөт-Таш аска бетиндеги сүрөттөр

Сүрөт-Таш аска бетиндеги сүрөттөр – б.з.ч. 1-миң жыдык, б.з. 1-миң жылдыгына таандык археологиялык эстелик. Ош шаарынан 8 км түндүк-батышындагы Күрпөтоо тоосунда жайгашкан. Тик асканын бооруна жылкы, бугу, эчки-текелердин жана адамдардын сүрөттөрү тартылган. Бул сүрөттөр Айырмачтоо деген ат менен да белгилүү. Алардын арасында 30дан ашык жылкы кытай жылнаамаларында жазылган дабан асман аргымактарына окшоштурулат. Археологдор М. Е. Масон (1940), А. Н. Бернштам (1948; 1957), Ю. А. Заднепровский (1962) изилдешкен.


Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.