Сүттикен (лат. Lactuca, L. 1753) – татаал гүлдүүлөр тукумундагы уруусу. Бир, эки жана көп жылдык чөп, кээде чала бадал. Майда себеттери шыпыргы сымал топ гүлгө чогулган. Мөмөсү – урукча. Кыргызстанда 8 түрү бар. Сары гүлү күн ачыкта түштүктү карап тургандыктан компас өсүмдүгү. Кээ бирлеринин абада катуучу сүт ширеси – лактукарийи болот, ал уктатуучу дары катары пайдаланылат.

Lactuca tuberosa.

Колдонулган адабияттар түзөтүү