Сүт акы
Сүт акы – кызды күйөөгө узатаарда аткарылуучу жөрөлгө. Күйөө тарап кызды алып кетерде кыздын энесине сүт акы катары атайы мал (уй) берген. Кыздын энеси буга ыраазы болсо, сүт акым жок деп кыз-күйөөгө батасын берген.
Колдонулган адабият
түзөтүүКыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.