Табгач, тамгач – титул; караханийлер династиясынын айрым өкүлдөрүнө берилүүчү наам. 7–8-кылымдарда Түндүк Кытайды (386–535) бийлеп турган байыркы тоба (табгач) элинин атынан пайда болгон. Андан соңку кылымдарда табгач түрк тилдүү элдерде кытай (ханзу) элинин мамлекетинин аты катары эскерилип калган. Орхон-Енисей жазма эстеликтеринин эң байыркысы болгон Онгин эстелигинде (690–693) табгачтар түштүк тараптагы эл болгондугу баяндалат. Ал эми Култегинге арналган эстеликте (732-ж.) табгач ханынан келген ташка оймо салып кооздоочулар, үй салуучулар, бул элдин кулк-мүнөзү жөнүндө сөз болот. Тоң-Йокук, Могилян кагандын эстеликтеринде да табгачтар жөнүндө маалыматтар бар. Бегредеги (Тува) кыргыздарга таандык руна сымал жазма эстеликте Төр-Апа деген белгилүү кыргыз мамлекеттик ишмеринин он беш жашында табгач ханына (калкына) барып эрдик иштерди аткарып, алтын, күмүшкө байыганы, аялдуу болгондугу баяндалат. Жети бөрү өлтүрүп, барс жана эликке кол салганы айтылган. Акыркы сапта Кыргыз мамлекетиндеги же ага кошуна жашаган уруулар жөнүндө сөз болгон. Кийинчерээк табгач конкреттүү бир этносту гана көрсөтпөстөн, «Чыгыш аймактары» деген шарттуу географиялык аталышты да туюнткан.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.