Табышмак — дүйнөдөгү бардык эле элдердин оозеки чыгармачылыгында кеңири учураган жанрлардын бири. Табышмактар деп кандайдыр бир затты, көрүнүштү же башка абстракттуу түшүнүктөрдү өз аты менен атабай, алардын негизги белгилерин айтып, ошол түшүнүктүн аталышын башка бирөөлөрдун табуусун талап кылган чакан тапшырмалар. Мисалы: «Асты таш, үстү таш, ортосунда бышкан аш» деген табышмактын жообу «данек» болууга тийиш. Анткени анда данектин негизги белгилери көрсөтүлүп жатат. Кыргыз фольклорунда мазмуну, композициялык курулушу, түзүлүшү боюнча табышмактар төмөнкүдөй формаларда, көрүнүштөрдө айтылып келген: 1) Ритмдүү жорго сөз түрүндөгү табышмактар; 2) Ыр түрүндөгү табышмактар; 3) Учкул сөздөн турган, прозалык формадагы табышмактар; 4) Суроолуу табышмактар; 5) Айтыш табышмактары; 6) Жомок түрүндөгү табышмактар; 7) Эсеп табышмактары. Жаштарды байкагычтыкка, акылмандуулукка, изденүүчүлүккө тарбиялоодо табышмактардыи мааниси өтө чоң.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргызча табышмактар жыйнагы. 2500 дөн ашык табышмактар бар.