Тагылык"Манас" эпосунун эпизоддук кейипкери. Калмак баатыры. Орго кандын белдүү кол башчыларынан. Манастын Орго кан менен болгон согушун баяндаган окуяда Т. жүз миң колу менен Манастын жолун тосуп салгылашат. Манас баатыр менен жекеге чыгып ажал табат (Сагымбай Орозбаков, 2. 121 — 123).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4