Тайтору "Манас" эпосундагы күлүктөрдүн эң көрүнүктүүлөрүнүн бири. Тайтору жөнүндө көбүнчө Семетей эпосунда көп айтылат. Убагында Кошойдун малы болуп, Билерик менен Жарманасты кытайдын туткунунан бошотуу үчүн Кошой Тайторуну минип барат. Кийин Манас өлгөндө Каныкейге азага келген тулпар. Семетейдин тоюнда Каныкей төлгө кылып алтымыш асый Тайторуну ат чабышка кошот. Тайтору алты жүз кырк үч аттын алдында келет. Каныкейдин Тайторуну чапканы Archived 2011-12-17 at the Wayback Machine

Ушул турган Тайтору
Белгилүү күлүк мал эле
Берен төрөм өлгөндө
Бейпайды куу жан көргөндө
Калк атасы карыя,кагылайын олуя
Катагандын кан Кошой
Аксакалдуу абакем
Ичке жолун төтөлөп
Кайран атам жетелеп
Азага берген мал эле
Асыйын санап келгенде,алтымышка толду эле
Ушу быйыл Тайтору алтымыш асый болду эле.