Тактеке - комузчулардын, өзгөчө темир комузчулардын чыгармачылыгында кеңири тараган (театрлаштырылган көрүнүштү камтыган) элдик күү.

Күүдө жыгачтан кооздоп жасалып,тактайга бекитилген кайберендер (2же 4 эчки менен теке) ойнотулуп чертилет. Бир учу текеге байланган жиптин экинчи учу комузчунун оң колунун ортонуна, темир комузда сөөмөйүнө илинет да, аспапты черткенде же какканда кол кыймылына жана күү ыргагына жараша текелер секирип, оюн салат. «Тактеке» күүсү негизинен бий мүнөзүндө болуп, кыска кайрыктар да чертилет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.