Талаа-Челек
Талаа-Челек — "Манас" эпосундагы топоним. Айчүрөк ак куу болуп учуп, жер жүзүндөгү баатырларды сынап жүрүп өткөн жер.
Турса учуп Айчүрөк —
Турбай-тынбай эр издеп!
Талаа-Челек басты эми
Тоо-Челекти ашты эми (Саякбай Каралаев, "Семетей", 1. 363).
Географиялык реалияда Казакстандын Алматы облусуна караштуу капчыгай, өзөн жана өрөөн.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4