Талаа тоосуТүркстан кырка тоосунун чыгыш бөлүгүндөгү тармагы. Баткен районунун аймагында, Калай-Махмуд жана Матча-Суу сууларынын (Сохтун сол куймалары) алабында. Кеңдик багытта 30 кмге созулуп жатат. Туурасы 14–16 км. Орточо бийиктиги 4000-5000 м, эң бийик жери 5621 м (Аскалуу чокусу). Кыры аска-зоокалуу, мөңгүлүү; Байыркы мөңгүлөрдүн издери байкалат; Тоонун Матча-Суу жана Ак-Терек сууларынын өрөөндөрүнө караган түштүк-чыгышкапталдары тик, аскалуу, түндүк бети (Калай-Махмуд өрөөнү жагы) кокту-колоттуу. Соңку силурдун кумдук, сланец, гнейс, пермдин щелочтуу жана нефелиндүү сиениттеринен турат. Ландшафтында түркүн чөптүү альп шалбаалуу талаа жана жапалак арчалуу талаа (3000–3500 м), гляциалдык-нивалдык (3500 мден жогору) ландшафттары таралган.

Адабияттар түзөтүү