Талаа фаунасы - талаада жашоочу жаныбарлар. Евразиянын Талаа фаунасы түрлөрүнүн курамы, кээ бир экологиялык өзгөчөлүгү боюнча чөл фаунасына тектеш, ал эми тиричилик шарты жана ыңгайлануусу боюнча саванна жана пампа фаунасына окшош.

Талааны айдоо ж. б. иштерге байланыштуу талаа жаныбарлары азайып кеткен. Европа менен Азиянын Талаа фаунасынын түрлөрү көбүнчө окшош. Сүт эмүүчүлөрдөн - сайгак, жейрен, кош аяк, ач күзөн, корсак, карышкыр, түлкү, арыс чычкан, монгол кум чычканы, даурия кирписи, мадыл (көбүнчө Монголияда), коён ж. б.; куштардан - тоодак, талаа чили, торгой, талаа күйкөсү, булдурук ж. б.; сойлоочулардан- сойлок жылан, талаа кара чаар жыланы, монгол кескеги жана шамалга туруктуу курт-кумурскалар (жаргак канаттуулар, коцуз, чегиртке, кантала ж. б.) мүнөздүү.

Евразиянын Талаа фаунасына салыштырганда Америка талаасында (прерий; түрлөр аз. Ага бизон, ача мүйүз антилопа, америка чөөсү, түлкү, шалбаа каракуру, жапайы күрп ж. б. мүнөздүү. Кыргызстанда Талаа фаунасына мүнөздүү суур, чычкан, түлкү, карышкыр, коён, торгой, чил, тоодак, сойлок жылан, курбака ж. б. кездешет.

Дагы кара түзөтүү

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.