Талант Мамытов
Талант Мамытов (төр. 14-март,1976 ; Майлуу-Суу, Жалал-Абад облусу, Кыргыз ССРи, СССР) — Кыргызстандык саясатчы жана мамлекеттик ишмер. Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу (14-ноябрь, 2020).
Талант Мамытов Талант Турдумамат уулу Мамытов | ||||
![]() | ||||
| ||||
---|---|---|---|---|
14-ноябрь, 2020 — 28-январ, 2021 | ||||
Андан мурунку: | Садыр Жапаров (м. а) | |||
Андан кийинки: | Садыр Жапаров | |||
| ||||
10-октябрь, 2010 — 4-октябрь, 2015 | ||||
Президент: | Роза Отунбаева Алмазбек Атамбаев | |||
| ||||
4-октябрь, 2015 | ||||
Президент: | Алмазбек Атамбаев Сооронбай Жээнбеков Садыр Жапаров (м. а) | |||
Жарандыгы: | ![]() ![]() | |||
Туулган жери: | Майлуу-Суу, Жалал-Абад облусу, Кыргыз ССРи, СССР | |||
Партиясы: | Республика—Ата-Журт (2015 — а.у) Ата-Журт (2010 — 2015) | |||
Кесиби: | юрист |
Өмүр баяныОңдоо
1976-жылдын 14-мартында Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында жумушчунун үй-бүлөсүндө туулган.
БилимиОңдоо
1983-жылы Майлуу-суу шаарындагы №5-орто мектепке кирип, аны 1993-жылы аяктаган.1993-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин юридика факультетине тапшырган.
Эмгек жолуОңдоо
Өзүнүн эмгек жолун 2000-жылы Баткен областында прокурор сапатында мыйзамдарды жана прокуратуранын мыйзамдуу укуктуу актыларын аткаруу үчүн көзөмөлдөө боюнча бөлүмдө иштөө менен баштаган.2001-жылдын октябрынан 2002-жылдын ноябрына чейин Жалал-Абад областынын прокуратурасынын мыйзамдарга соттук токтомдордун ылайык келишин көзөмөлдөө боюнча бөлүмгө прокурор болуп дайындалган.2002-жылдын сентябрынан 2004-жылдын сентябрына чейин Жалал-Абад шаардык прокуратурасында улук тергөөчү болуп иштеген.2004-жылдын сентябрынан 2005-жылдын августуна чейин Чаткал райондук прокуратурасында прокурордун жардамчысы болуп иштеген. 2005-жылдын августунан 2006-жылдын апрелине чейин КР башкы прокуратурасынын уюштурууну камсыз кылуу жана Эл аралык байланыштар башкармалыгы бөлүмүнүн прокурору болуп дайындалган.2006-жылдын апрелинен 2006-жылын декабрына чейин Чүй областынын Ысык-Ата районунун прокурорунун орун басары болуп дайындалган.2006-жылдын декабрынан 2007-жылдын декабрына чейин Жалал-Абад областынын Сузак районунун прокурорунун орун басары болуп иштеген. 2007-жылдын декабрынан 2009-жылдын январына чейин Жалал-Абад областынын Тогуз-Торо районунун прокурору болуп дайындалган. 2010-жылдын январында прокуратура органдарынан өз каалоосу боюнча бошотулган.2010-жылдын октябрынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышына “Ата-Журт” идеалисттик демократиялык саясий партиясынан тизме боюнча депутат болгон.
ШилтемеОңдоо
www.kenesh.kg