Талап тили (Query language- Язык запросов). Берилиштер базасын башкаруу системдеринин эң баалуу элементи талаптар тили болот. Бул тил берилиштер базасынан критерийдин негизинде жана белгиленген калыпта маалыматтарды издөөгө, иштетүүгө мүмкүндүк берет. Көпчүлүк берилиштер базасын башкаруу системдери талаптар үлгүсү деп аталган элементи бар. Кеңири таралган талаптар тили болуп SQL (Structured Query Language) тили эсептелет. Алгач чоң машинелерге багытталган бул тил, азыркы учурда көпчүлүк берилиштер базасында колдонулат. Системдик програмдардын чоң пакети сыяктуу жеке компьютерлердеги берилиштер базаларынын системдеринин көбү ушул пакеттерди SQL тилине негиздеп, кайрадан иштеп чыгууда же өзгөртүүдө.

Колдонулган булактар түзөтүү

  • Компьютер жана интернет: Энциклопедиялык окуу куралы, Башкы редактор Ү. Асанов; Ред. кеңеш У.Н.Бримкулов ж.б. Бишкек 2004.

ISBN 9967-14-014-3